Баткенде каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 17:00гө карата 31ге жетти

432

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 17:00гө карата 31ге жетти. Бул тууралуу Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Борубеков билдирди.

Чырдан 154 жаран жараат алган.

Жаракат алган 43 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Булак: “Марал кж”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь