Бириккен Араб Эмираттарынан Баткен аймагына гуманитардык жардам жөнөтүлдү

638

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, 2021-жылдын 29-апрелинде Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын рейси менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь