Камчыбек Ташиев: “Бүгүн кечинде мурдагыдай жай турмушка келебиз” (Видео)

493

“Бүгүн кечинде мурдагыдай жай турмушка келебиз”. Мындай пикирин УКМКнын башчысы Баткен эли менен жолугушууда айтканын “Элдик Медиа” порталынын кабарчысы билдирди. Ошоной эле бүгүн, 30-апрелде Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жана Камчыбек Ташиев Тажикстандын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү.

“Эч ким эч кимди жеңген жок. Бүгүн кечинде мурдагыдай жай турмушка келебиз. Эки тарап тең макулдаштык. Аскерлер жана аскер техникасы чыгарылат”, -деди Ташиев өз сөзүндө.

Мындан тышкары УКМК башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтып, эртеңден тарта өрттөнгөн, талкаланган үйлөрдү кайра калыбына келтирүү иштери башталарын кошумчалады.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь