Ташиев учурда тажик жетекчилери менен жолугушууга кетип жатканын билдирди

338
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 30-апрелде Баткен областтык администрациясынын алдында чогулган элге чыгып сүйлөдү.
“Бизге эң башкысы эми тынчтыкты орнотуш керек. Мындан эки күн мурдагы позициялардын бардыгы “нольовой” вариантка келебиз – биздики биздики менен, тигилиердики тигилердики менен деген позицияга келишибиз керек. Биз тажиктердин бир метр жерин алалы деген ойубуз жок, ошол эле учурда биз дагы жерибизди эч кимге бербейлик. Бизде бардык күч, мүмкүнчүлүк бар”, -деди Ташиев.
Ал ошондой эле Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев менен бирге Тажикстан тарап менен жолугушарын айтты.
“Азыр бизге тажик жетекчилери келди. Биз азыр Суваналиев экөөбүз жолугушууга кетип жатабыз”,– деди Ташиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь