Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келип, дароо Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу маалыматты министрликтин басма сөз борбору тастыктады.
Белгилей кетсек, 28-апрелде Ташиев ден-соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткени айтылган. Чек арадагы кырдаал курчуп кетишине байланыштуу бир күн мурун ал Фейсбуктагы баракчасына тез арада Кыргызстанга кайтып келе жатканын айткан.