Чек арадагы кагылышуудан 13 адам каза болду, арасында 12 жаштагы кыз дагы бар

146

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жаракат алгандардын саны 30-апрель, саат 07:50гө карата 134 адамга жетти. Алардын ичинен 13 адам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Жабыркаган 25 адам Баткенден атайын борт менен Бишкектеги травматология жана ортопедия изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жеткирилди. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандарынын абалы болсо орто оордукта жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь