Чек арадагы кырдаал: Кызыл-Бел айылында кайрадан ок атышуу башталды (Видео)

232

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында ок атышуу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

«Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү ийгиликсиз болду окшойт, Кызыл-Белде катуу согуш башталыптыр. Колдо бар куралдын баары менен атып башташыптыр. Оор артиллерия да тартылыптыр», — деп жазды район тургуну.

Кызыл-Бел Баткен районундагы Тажикстан менен чектеш аймак болуп саналат.

Бүгүн саат 13:00дө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолукту. Жолугушуу эки өлкөнүн чектеш аймагында өткөн.

“Биз бейтарап аймакта, Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде жолуктук, ал жерде Тажикстандын УКМКнын башчысы, Согди облусунун губернатору менен сүйлөшүүлөрду жүргүзүп, биз бардык аскерлерди мамлекеттик чек арадан кайтарып алып кетүү чечимин кабыл алдык.Биз Баткенге, алар дагы алысыраак өз жерине алып кетишет”,-деген  Ташиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь