Чек арада каза болгон жоокердин досу: “Ал мекен дегенде жанын бергенге даяр бала болчу”

116
Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда каза болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аскердин жакын досу билдирген.
Маалыматка ылайык, Эсентур Кубанычбек уулу Д.Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билим алып келген.
“Эсентур Нарындагы чек-ара заставаларынын биринде жетекчисинин орун басары болуп иштеп жүргөн. Ал Баткенге 10 күн мурун кеткен. Ал мекен дегенде жанын бергенге даяр бала болчу, Нарында акыркы эки жылдан бери иштеп жүргөн. Ал үч бир тууган, агасы жана карындашы бар. Анын сөөгү Бишкекке алынып келе жатат. Маркум 30-апрелге караган түнү кызматтын аткарып жатып каза болгон”, – деди досу.
Маркум Эсентур Кубанычбек уулу үй-бүлө кура элек болчу.
Булак: www.super.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь