Чек ара кызматы: “Бир дагы заставаны тажиктерге алдырган жокпуз” (Аудио)

176
Кыргыз-тажик чек арасынын аймагындагы бир дагы заставаны алдырган эмеспиз. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
Социалдык тармактарга тажик тарап бир нече аскердик жайды басып алды деген жалган маалыматтар тараганы белгиленди.
“Бөрү” спецназы бир дагы заставаны алдырган жок. Ооба аткылашты, талкалашты, бирок жоокерлер аскердик жайларды жана өздөрүн мыкты коргошту. “Головной” суу бөлүштүрүү жайын да толук көзөмөлгө алышты. Чагымчыл маалыматтарга ишенбеңиздер”, — дешти Чек ара кызматынан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь