Ыктыярчылардын катарында Баткенде жүргөн Мелис Мырзакматов аймактагы кырдаалды сүрөттөп берди (ВИДЕО)

9 999

Кечээ, 29-апрелде Ош шаарынын мурдагы мэри, “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын лидери Мелис Мырзакматов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна жөнөп кеткендиги кабарланган. Ал жердеги Элдик.Медиа порталынын кабарчысы Мелис Мырзакматовго жолугуп, андан кырдаал боюнча чакан маек алууга жетишкен.

Мырзакматовдун айтымында, ал Баткенге кыргыз жараны катары ыктыярчылардын катарында колдон келген жардамын, кеңешин берүү үчүн келген. Ошол эле учурда, Ош шаарынын экс-мэри учурда аймакта абал салыштырмалуу оор экендигин айтып, бирок маселени чечүү үчүн бардык иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалаган.

“Абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул жерде биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана башка тийиштүү жетекчилер ыкчам штабдын кызматкерлери менен иш алып барууда”, – дейт Мырзакматов.

Андар сырткары, Мелис Мырзакматов түзүлгөн кырдаалдан сүйлөшүү жана дипломатиялык жол менен гана чыгууга мүмкүн экендигин кошумчалады.

 “Мындай кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бул – эки тараптууу сүйлөшүү. Кечээ, тараптар аскер техникаларын конфликт болгон аймактан алып чыгып кетүү жана ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүшкөн. Бирок, тилекке каршы, тажик тарап түнкү саат бирден кийин ал келишимди бузуп коюшту. Эми бул оор кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт аралык, президенттер ортосунда, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде абал жөнгө салынышы керек. Андай аракеттер болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Себеби, эки тарап тең күч менен маселени чечүү мүмкүн эмес экендигин жакшы түшүнүп турушат”, – дейт Мелис Мырзакматов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь