Алмазбек Акматалиев: Эл аралык коомчулук тажик асерлеринин алдын ала даярдалган агрессордук саясатына баа бериши керек

135

Мындай оюн Башкаруу академиясынын жетекчиси, профессор Алмазбек Акматалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган. Анда ал коңшу Тажик аскерлери 28-29-апрелде орун алган Баткендеги чек ара жаңжалына алдын ала даярдык көрүп, Кыргызстандын жай тургундарына мыкаачылык менен кол салгандыгын айткан. Ал бул окуя боюнча эл аралык коомчулук баа бериши керек деген ойду айтып, коңшу өлкөнүн аскерлери эл аралык норма жана укуктарды бузгандыгын билдирген.

Бул жөн гана чек ара чыр-чатагы эмес! Бул коңшу өлкөнүн көз карандысыз Кыргызстандын аймагына алдын ала даярдалган аскердик агрессиясынын аракеттери болду. Алардын алдын ала даярдалган агрессордук аракетинен 31 жай тургун набыт болду, анын ичинде 12 жашта Мадина дагы бар! 150дөн ашык адам жаракат алды. 100дөн ашык үйлөр жана Кыргызстандын башка кыймылсыз мүлкү өрттөлүп, агрессорлор БТР жана авиацияны колдонушкан! Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандардын сөөктөрүн үймөктөп, аңга таштагандары төбө чачты тик тургузат…

Алардын мыкаачылык, алдын ала көрүлгөн агрессордук аскердик кылмыштары боюнча сүрөт, видео түрүндө фактылар бар!  Бул окуяны эл аралык коомчулукта Кыргызстандын жай тургундарына карата тажик аскерлеринин алдын ала көрүлгөн мыкаачылык кылмышы катары кабылданышы керек. Башкача мүмкүн эмес. Эл аралык нормалар, укук боюнча жоопкерчилик тартышы зарыл!, – деп билдирүү калтырган Акматалиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь