Мырзакматов: Баткенди кайра калыбына келтирүү үчүн бардыгын биригүүгө чакырам (ВИДЕО)

109

Ош шаарынын экс-мери Мелис Мырзакматов Баткендеги чек ара тилкелеринде орун алган окуядан улам чыгымдын көлөмү чоң экендигин айтып, бардык Кыргызстандыктарды Баткенге жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Элдик.Медианын Баткендеги кабарчысына маек куруп жатып билдирген.

Анын айтымында учурда Баткен облусундагы чек ара тилкесине жакын жайгашкан эл азык-түлүк, дары-дармек жана курулуш материалдарына муктаж.

“Түндө абал стабилдешип, ок атышуу болгон жок. Бул чоң жетишкендик. Бирок, эми алдыда чоң жумуштар турат. Мындайда элди, бизнесмендерди биримдикке, ынтымакка чакырып, Баткендеги кыйраган үйлөрдү, социалдык объектилерди кайра калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырат элем. Андан сырткары, пандемия дагы кулачын жайып турат. Фармацевтикалык компаниялар дары-дармектен жардам берсе жакшы болот эле. Азыр эл азык-түлүк жана курулуш материалдарына муктаж. Биримдикте бир муштум болуп колдоого алалы”, -дейт Мелис Мырзакматов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь