Бабанов Баткенге жети жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөттү (Видео)

3 028

Саясатчы Өмүрбек Бабанов жети жүк ташуучу унаа менен бардык керектүү буюмдарды жана азык-түлүктөрдү Баткен облусуна жөнөттү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактарында жарыялады.

“Урматтуу Кыргызстандыктарым,
Эгемендигибизде кандай гана кыйынчылыктар, кандай гана сыноолор болбоду. Баарын жеңип келдик. Азыркы абалды да сөзсүз жеңебиз. Бизге башканыкы кереги жок, бирок өз жерибиздин бир карышын да БЕРБЕЙБИЗ!
Кыргызстаныбыз кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга! Баасыз Баткенибизге баарыбыз башыбызды байлайбыз! Бизди эч ким бөлө албайт! Себеби биздин элибиз, биздин жерибиз – бирдиктүү!
Генерал-губернатор Өмүрбек Суваналиев менен сүйлөшүп, Баткен жана Лейлек райондорундагы бардык муктаждыктарды аныктадык. Азыр командам менен бардык керектүү азык-түлүктөрдү жети унаага жүктөп жөнөттүк.
Жардамга көмөктөш болгон “КЫРГЫЗСТАН” банкына, “Фрунзе” жана “Глобус” гипермаркеттерине да ыраазычылык билдирем!”-деди Бабанов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь