Дарыгерлер окко учкан Лейлектин тургунун аман алып калышты (Сүрөт)

116

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун хирургдары Улуттук госпиталдын кесиптештери менен биргеликте тажик аскерлеринин Кыргызстандагы жарандарга куралдуу кол салуусу учурунда жабырлануучунун башынан окту алуу боюнча комплекстүү операция жүргүзүштү.

Анестезиолог Мирлан Каныбек уулунун айтымында, Лейлек шаарындагы ооруканага кечээ, 38 жаштагы бейтап башына жана төшүнө ок атылганын айтып кайрылган. Ал 30-апрелде чек ара аймагындагы башаламандык учурунда жаракат алган.

Операция эки саатка жакын созулуп, ийгиликтүү өттү. Ок алынып салынды. Бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь