Интернационал айылынын айыл башчысы барымтадагы күндөрү боюнча айтып берди (Видео)

994
29-30-апрелдерде Лейлек районундагы чек арада болгон окуяда тажик тараптын колуна түшүп калган Интернационал айылынын айыл башчысы Мырзабек Жумабаев барымтадагы күндөрү боюнча айтып берди.
“Анын айтымында, Интернационал айылында тажик тарап менен талаш аймак жок. Бизде айылда эч кандай талаш аймак жок. Мен ошол күнү айылдын башына барсам, 5-6 бала туруптур. Айыл тынчпы десем өлгөндөр бар деди. Мен сөөктөрүн алып чыгайлы десем снайпер менен атып жатат деди. Жанды берген Кудай алган дагы Кудай деп дубалдын асты менен баратсам, Тажикстандык чек арачылары биздин айылдын үйлөрүнө бекинип алыптыр. Мен аларды көргөн эмесмин да. Анан ошол кармап алып кирип кетти”,– деди Жумабаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь