Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга барат

245
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Анын айтымында, Казакстан башчысы тажик кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Дүйшөмбүгө барат. Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, бул сапар май айынын экинчи жарымында болот.
Тажикстандагы Азия-Плюс маалымат агенттиги Тажикстан өкмөтүндөгү өз булагына таянып, Казакстандын лидеринин сапарынын убактысы Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий иш сапары менен дал келгенин белгилейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь