Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан дагы бир жаран каза болду

116

Дагы бир жабырлануучу кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул Максат айылынын 1960-жылы туулган тургуну. Жалпысынан жаңжалдын кесепетинен 35 адам каза болду.

Чек ара жаңжалы 28-апрелде башталган. Ага жергиликтүү тургундар, армиянын бөлүктөрү жана оор техникалар катышты. Тараптар элдешүү жана аскерлерди чыгарып кетүү боюнча 1-майдын кечинде гана макулдашышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь