Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын кесепетинен курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Өкмөт башчы Сүйүн Тагаевдин жана Рашиддин Үсөн уулунун үй-бүлөсүнө барды.
«Биз оор жоготууга учурадык, өз мекенин коргоодо өмүрүн берген өлкөнүн чыныгы патриотторунан айрылдык. Биз аларды кайгыруу менен жоктойбуз. Ушул тапта бүтүндөй өлкө жарандары кайгырып турат», – деди ал.
Премьер-министр шейит кеткендерге куран окуп, мамлекет курман болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү көңүл бөлүп, камкордукка ала турганын белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: