Тажикстандын Ички иштер министрлиги баш калаанын Сино районундагы Испечак-2 кичи районунда май куюучу жайдын жарылуусунун чоо-жайын билдирди.
“Өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактабагандыктан, 2021-жылдын 1-майында саат 18:30 чамасында Дүйшөмбү шаарынын Сино районундагы Испечак-2 кичи районунда жайгашкан май куюучу жайда өрт чыккан”, – деп билдирди басма сөз кызматы. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин борборунан билдиришти.
“Натыйжада 11 адамды күйүк алды”, – деп билдирди Тажикстандын басылмалары.