Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.

Эки тараптын ортосунда ок атышуулар орун алып, жабыр тарткандардын саны өстү.

Кыргызстан Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча келишимге келип, абал тынчый түшкөнү маалым болду.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам, 183 адам жаракат алып, 35 кыргыз жараны каза болгон. 

Ошол эле учурда кыргыз эли өзүнүн, ынтымагын көргөзүп, Баткендеги жабыркаган элге колунан келген жардамын жөнөтүп жатышты.

Бирок, Баткендеги кыйрап, күйүп кеткен имарат унаалардын жанынан сүрөткө түшүп, соц желелерге жүктөгөн айрым жарандардын сүрөттөрү интернет колдонуучуларынын кыжырын жаратууда.

Коомчулук буларды “пиар” издеген адамдар деп баалашууда.

Мындан тышкары айрым саясатчы депутаттардын дагы,чек арада абал турукташып калганда Баткен элине “Камуфляж” кийип жөнөгөнү кызуу талкууга калды. 

Белгилүү болгондой төрөга баш болгон Жогорку Кеңештин айрым депуттары 29-30-апрель жана 1-май күндөрү Баткен облусуна барышты. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепеттери менен жеринде таанышты.

30-апрелге караган түнү жаңжал чыккан жерге Алтынбек Сулайманов  менен Жанар Акаев  жөнөгөн.

Эртең менен ал жерде Карамат Орозова (Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев менен бирге), Төрөбай Зулпукаров жүргөн.

Күндүз Айбек Осмонов, Марлен Маматалиев, Акылбек Кемелов барышкан.

1-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон депутаттардын тобу айылдарды кыдырып, жабыркагандардан кабар алышкан. Алардын арасында Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бакиров, Таабалды Тиллаев, Дастан Жумабеков, Бакытбек Турусбеков, Шайлообек Атазов, Айнуру Алтыбаева ,Махабат Мавлянова, Бурун Аманова , Тазабек Икрамов, Жунус уулу Адыл , Улан Примов, Умбеталы Кыдыралиев бар болчу.

Мындан сырткары депутат айымдар, Баткендеги чыр-чатактан жабыркаган жарандардан кабар алышты.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, бир кун мурун Баткенге барарын жарыялап, 3-майда Лейлек районундагы жабыркаган Максат орто мектебине барды.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары коомчулуктун пикири менен келишпейт, бул нерсени пиар деп эсептеберин жергиликтүү маалымат булактарынын бирине билдирген.

“Бизди сындагандарга ал жакта эмне кылгандыгыбыз жөнүндө толук маалымат берилбесе керек. Ал жакка барууга бардыгы эле ыктыярдуу эмес. Чынын айтсам, эмне болорумду билбептирмин. Үй-бүлөм менен коштошуп, аялымды жана балдарымды кучактадым. Чыр-чатактан кийин жана кагылышуу учурунда ал жакка баруу чоң айырмачылык. Эгер Жогорку Кеңеш эч нерсе кылбаса, анда биз жөн карап отурушубуз керекпи? Кайсы PR жөнүндө сүйлөшсөк болот? Аңчылык мылтыгын алышыбыз керек болчу, жашырбайм”, -деди ал.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: