Аламүдүн районунда ок-дары жана баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Аламүдун РИИБдүн кызматкерлерине бир эркек киши үйүндө ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалыматты текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги кароосуз калган үйдө жашаган эркек киши аныкталаган.

Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы Б.З. аттуу жаран экендиги такталган. Аны кармоо учурунда жанынан желим баштыкчага оролгон өңү кочкул жашыл түстөгү зат табылып, жүргүзүлгөн экспертизанын негизинде баңги заты экендиги аныкталып, жалпы салмага 69,38 граммды түзгөн.

Андан сырткары 5,45 мм калибрдеги жана 12 мм калибрдеги ок-дарылар табылган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, алынган баардык далил буюмдарга экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: