Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кеткенин Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы АКИpress агенттигине билдирди.

Окуя бүгүн, 4-май күнү саат 14:00 чамасында Манас-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон.

Тергөө-ыкчам тобу жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги жеринде иш алып барды. Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М. аттуу кыз терезеден кулап кеткен.

Ал Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: