“Көгөрүп, муздап калган баламдын сөөгүн көтөрүп алып качтык” -Динара Исабай кызы

169

Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чектеш аймагындагы кагылышуудан 4 жаштагы Абидин Турсунбаев, убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй, чарчап калган. Окуя тууралуу Абидиндин апасы Динара Исабаева  “Али Токтакунов МедиаХабынын” кабарчыларына айтып берген.

” Күйөөм экөөбүз жумушта элек, саат кечки 7 лер болчу, эжем балаңар Абидин сууга агып кетти деп ыйлап келди. Биз барганыбызда жездем баламды кармап отуруптур, колубуздан келишинче жасалма дем алдырып, эсине келтирүүгө аракет кылдык. Тез жардам чакырып бирок  аны күтпөй эле жеңил унаа менен Достук ооруканасына алып келдик. Ал жактан да болгон аракетти кылышты, бирок толук техникалык жабдуулар жетишпегендиктен Кулундудагы ооркунага барышыбыз керек болуп калды. Тилекке каршы  Кулундуга жете албадык, жолдо атышуулар болуп жатканын, алдыдагы унааларга ок атылып жатканын айтышты. Биз өтө алган жокпуз. Балким Кулундуга реанимацияга жетсек бары жакшы болуп кетет беле деген үмүтүбүз бар болчу” -дейт Динара Исабай кызы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь