Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төрт пайызга (эки сомго) кымбаттайт. Бул тууралуу өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов “sputnik.kg” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы байкалууда. 2-майга карата алынган маалыматка ылайык, Brent маркасынын баррели 66,82 долларды түзүүдө. Эшатов Россиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалганын билдирди.
Ал кошумчалагандай, күйүүчү май Россиядан экспорттук пошлинасыз, башкача айтканда, дүйнөлүк баадан арзандатылган наркта алынат.
Ушул жылдын төрт айындагы пошлинадан үнөмдөлгөн каражат 6,2 миллион долларды түзөт. Эшатов бир да өлкө Кыргызстанга мындай ыңгайлуу баа менен мунай бербей турганын белгиледи.
Бүгүн АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 48,5 сом, ал эми АИ-95 — 50,5 сом жана дизель 44,5 сомдон сатылууда

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: