Токмок шаардык кеңешинин шайлоосу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов журналисттерге  билдирди.

Анын айтымында Токмок шаарындагы 20 шайлоо тилкесинин ичинен 7 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алынды.

“Томок аймактык шайлоо комиссиясынын, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл аларда, БШК өзүнүн атайы чечими менен Токмок шаарындагы 20 шайлоо тилкесинин ичинен 7 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алды. Жокко чыгарууга негиз болгон маселе, эң биринчи массалуу болгону, бул шайлоочуларды массалык түрдө каттоо болуп эсептелет. Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  тиешелүү бөлүмдөрүнүн тарабынан, 2019-жылга чейин массалык каттоолор болгону аныкталды. Башкача айтканда айрым бир жерлерде 200дөн ашуун жарандарды каттаган фактылар аныкталды”, -деп билдирди Бекматов.

Мындан тышкары ар түрдүү адрестерге катталган жарандар, ошол эле 11-апрелге даярдалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо катышкандыгы боюнча анык болгон.

“Атап айтсак кээбир шайлоо тилкелеринде, бир жарандын үйүнө 46 шайлоочу катталып, алар добуш берүүгө үлгүрүшкөн”, -деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Токмок шаардык кеңешине беш партия катышып, босогодон төрт партия өткөн.  Алар: Эл биримдиги”, “Эмгек”, “Республика”, “Бирге-Вместе”.

Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 7 пайыздык босогодон өтпөй калган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: