Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда күйүүчү-майлоочу каражаттарды Тажикстанга контрабандалык жол менен ташуу жандангандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди бүгүн, 4-майда УКМКнын басма сөз кызматы.
Видеодогу бензин ташуучу унаалар күйүп кеткен май куюучу жайлардын жайгашкан жерине барып, бактарда калган күйүүчү-майлоочу материалдарды алып кетишет дейт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.
Учурда Лейлек районунда (Исфана, Кайрагач жана Сай) контрабанда жүктөрдү көзөмөлдөө боюнча 3 жерге көчмө посттор орнотулду.
Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин узатылат, май куюуу салык инспекциясынын инспекторунун катышуусунда жүргүзүлөт. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды күйүп кеткен май куюучу жайлардан кайтарып алуу дагы МСКнын нспекторлорунун катышуусу менен жүргүзүлөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: