Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өз жыйынын чек ара жаңжалы учурунда курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен баштады.
Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү тарабынан отчет берилгенден кийин, депутат Урмат Самаев жаңжал эмнеден улам чыкканын сурады.
“Күн сайын күйүүчү-майлоочу майлары бар 200-300 унаа чек арадан өтөт деп интернетте жазып жатышат. Алардын ар биринде 40 тонна күйүүчү-майлоочу май бар. Буга ким жооп берет? Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү себеп болушу мүмкүн деп жазышууда”,- деп кошумчалады депутат.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев аткезчилик алардын компетенциясына кирбей турганын айтты.
“Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу айтсам, тергөө иштери жүрүп жатат, бирок мен бул негизги себеп эмес деп ойлойм”,– деди ал.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: