Эмил Жураев, саясат таануучу: “Акыркы кандуу окуяларды чек ара маселелерин тактоодон бөлүп кароо зарыл”

103

Саясат таанучу Эмил Жураев акыркы кандуу окуялар, андан чыгуу жолдору боюнча пикири менен бөлүштү.

-Өтө жаман окуя болду. Буга чейин абдан кыйынчылык менен уланып келген кыргыз-тажик чек ара тактоосу, биринчи кезекте тажик тараптан болгон аскерий аракеттерден кийин, мындай иштерди жылдыруу дагы кыйын абалга кептелди. Бул жерде ушу кезге чейин уланып келген туура эмес нуктагы сөздөргө чыңалып келген эки тарап тең жооптуу. Бирок канткенде да Кыргызстан жапа чеккендей деңгээлдеги аскерий аракеттерди эч кандай актоо мүмкүн эмес. Тажикстандын Кыргызстандын жарандарына, айылдарына жасаган агрессиялык аракеттерин эч кандай актоого болбойт. Бул окуя эл аралык ченемдердин бузулушуна да алып келди.

Азыр эки тарап тең мындай жолдор менен чек ара маселелери чечилбесин, жок дегенде сөз жүзүндө түшүнүү менен моюнга алып жатышат. Мындай иштер тынчтык жолдор менен чечиле турган аракеттер менен бекемделиши зарыл. Ал иштер канткенде бекемделет? Азыр эки тарап тең, өзгөчө Тажикстан акыркы күндөрдө кылган аракеттерин артка тартып, ага чейинки статус-квого кайра кайтып, сүйлөшүү жолдорун кайра жандандырууга милдеттүү. Ошол эле кезде биз 29-апрелде болуп өткөн иш-аракеттерди буга чейинки көп инциденттердин бири катары карап келгенибиз туура эмес болот. Бул окуялар Кыргызстан тараптан толук иликтенип, ошол күнү болгон аракеттердин ар бир майда-чүйдөсү далилдер менен бекемделип, жакынкы келечекте эл аралык териштирүүгө негиз болушу зарыл.

Ал эми ЖККУ уюму боюнча буга чейин деле көп суроолор пайда болуп келген. Бирок акыркы окуядан улам, бул уюмдун колунан эч нерсе келбей турганы айкын көрүндү. Көрсө, бул уюмдан кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды күтүүдөн алыс болушубуз керек экен. Бирок түшүнө турган адамдар бул уюмдун кандай экенин буга чейин деле түшүнүшү керек эле. Ал болгону үстөмдүк кылып турган бир мамлекеттин геосаясий кызыкчылыктарынын негизинде түзүлгөн саясий уюм экени эми даана ачыкталды. Бирок ушуну да моюнга албай келе жатып, азыркыдай кырдаалга келгенибиз анын кемчиликтерин даана көрсөтүп койду.

Андан дагы биз эң жакын кошуна болуп туруп, бул эле уюм эмес, дагы бир топ уюмдарга мүчө болуп турганыбызга карабай ушундай ишке баруу, Тажикстандын бийлигинин түрү, режими тууралуу да сөз кылууга алып келет. Ачыгын айтканда авторитардык, мыйзам  үстөмдүгү сакталбаган мамлекетте ар кандай келишимдер да оңой эле бузула берет. Муну айтуу менен биз эле жыргатып ийдик дегенди айтканыбыз жок. Биздин чабалдыгыбыз, биздин бийликтин ар кандай кескин иштерге барганы, айткан сөздөрү түрткү болду десек болот. Биздин азыркы шартта кескин күч колдонууга, агрессияга баруубуз мүмкүн эмес болчу, аны кошуналар деле көрсө болмок.

Ошондуктан ЖККУ, ШКУ, КМШ дагы канчалаган уюмдарда бирге болгонубуз менен, бул уюмдардын бардыгынын күчү аз экенин, ар бир өлкө өз бийлигинин табиятына жараша андай уюмдардагы келишимдерди бузуп коеруна биз дагы бир жолу ашыгы менен ынандык.

Албетте, канчалык оор болуп, кейип, кан жутуп, сүйлөшкүбүз келбей турганы менен, бул акыбалдан кошуна мамлекет менен сүйлөшүү аркылуу гана чыга алабыз. Бул жерде эки тараптын бийлиги гана эмес, эки тараптын тең кошуна жашаган карапайым калкы да бар. Биз дагы, тигилер дагы жалпыбыз менен башка жакка көчүп кете албайбыз. Кошуна болгон соң, тилекке каршы бузулуп калган мамилени кайрадан ордуна келтирип, жаңыдан диалогго болгон мүмкүнчүлүктү, аракетти жандандырууга аргасыз болобуз. Бул керек.

Андан тышкары, болуп өткөн иштерди иликтөөлөрдү чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдөн тышкары өзгөчө линиянын иш-аракети катары калтырышыбыз зарыл. Бул иштерге чек аранын делимитация маселесин аралаштырып бирге кароо, менимче туура эмес болот. Эгер аралашып кетсе, анда кечээ эле болгон кандуу окуялар, эл аралык ченемдердин одоно бузулушу, чек ара маселелеринин алдында калып кетиши ыктымал. Алар чек аранын соодасына айланып кетиши мүмкүн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь