5-май – Конституция күнү Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коёт, деп билдирди депутат Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.
“Конституция расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Өкмөт отставкага кетет. Президент министрлер кабинетинин төрагасын жана өкмөт мүчөлөрүн милдетин аткаруучу деген статус менен парламенттик шайлоого чейин дайындайт. Бул конституция көбүрөөк президенттин өзүнө эле көйгөйлөрдү жаратат. Өкмөттүн ар кандай катачылыгы үчүн биз президентти урушабыз. Курулуп бүтө элек мектеп же жол үчүн президент жооп берет”, – деди ал.
Эске салсак, Конституциянын жаңы редакциясына шайлоочулардын 79,3% макул, 13,7% каршы добуш берген. Шайлоочулардын саны жалпы шайлоочулардын 36,6%ын түздү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: