Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.
Рахманкулов Лейлек районунун мурунку акими Баймурат Бекмуратовдун ордуна дайындалды. Жаңы акимди тааныштыруу бүгүн, 5-майда Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында өтмөкчү.