Чек арага чектеш аймактардагы ИИБдин талкаланган имараттарын жана кызматтык унааларын ордуна келтирүү үчүн милиция кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которду.
Анткени Баткен жана Лейлек райондорунун ички иштер органдарынын кызматкерлери кыска убакыттын ичинде штаттык режимде өз иштерин улантыш керек.
Эскерте кетсек, Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Жаңы-Жер, Көк-Таш, Интернационал айылында жайгашкан милициянын бөлүмдөрүнө зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыккан. Андан сырткары, Баткен ОИИБи аныктагандай, ок атышуунун натыйжасында «Газель» жана «Нива» үлгүсүндөгү эки автоунаа талкаланган. Жалпысынан алганда ички иштер министрлигине 2 миллион 29 миң 829 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: