Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты Суваналиев өзү жергиликтүү басылмаларга ырастап, бул чечим Бишкектен кабыл алынганын айтты.

“Башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деп чечимди чыгарышыптыр. Макул дедим. Мен бүгүн эле уктум”, – деди Суваналиев.

Ал кайсы кызматка өтөөрүн билбей турганын, соңку кызматында туруктуу иштөө үчүн Баткенге үй-бүлөсү менен көчүп келгенин кошумчалады.

Баткен облусунун жетекчисинин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: