“Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш сатып алуулар байкалды”. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасоодо билдирди.

“Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт, бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Анткени админстративдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр, кечээки жергиликтүү шайлоо маалында байкалды”, -деп билдирди Президент өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Башмыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу «макул» добушун берди, 13,83% шайлоочу «каршы» добушун берген.

 

 

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: