30-апрелде Талас шаарындагы токойдон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 4-майда облустук милициядан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда кыздын сөөгү облустук ооруканага жеткирилген. Милиция маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Аталган факты Жазык кодексинин 139-беренеси (“Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Каза болгон кыздын ата-энеси эч кимге эч кандай арыз доосу жок экенин айтып, экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: