Акыркы суткада Бишкек шаарында эле 246 адамдан коронавирус аныкталды

85

Акыркы суткада Бишкек шаарында 246 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, 222 адамдан COVID-19 вирусу лабораториялык жактан тастыкталса, 24 кишиден клиникалык-эпидемиологиялык жактан аныкталган.

Бишкек шаарында 213 бейтап каттоого алынды. Алар:

– Ленин районунда — 88;

– Биринчи май районунда — 44;

– Октябрь районунда — 42;

– Свердлов районунда — 37.

Калган 33 бейтап Бишкек шаарына өлкөнүн башка аймактарынан келишкен. Бирок алар дагы борбор калаада каттоого алынды.

Соңку суткада катталган 193 бейтаптан илдеттин белгилери байкалган, ал эми 53 бейтаптан белгилери байкалган эмес.

246 адамдын ичинен 68и ооруканаларга жаткырылса, 178и үйүнөн дарыланат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь