Баткен облусунун жаңы башчысы Абдикарим Алимбаев “Головнойго” барды

109
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы, “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан, мамлекеттик стратегиялык мааниге ээ болгон, “Головной” башкы суу бөлүштүрүүчү жайынын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өкүл Алимбаев Көк-Терек айылында да болду. 85 жаран жашаган аталган айылда 29-апрелде болгон окуяда 17 үй толугу менен өрттөнгөн.
Абдикарим Алимбаев андан ары Көк-Таш айылынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Облус башчысы биринчи кезекте облустагы түзүлгөн кырдаалды толук турукташтыруунун үстүндө иш алып барыларын, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө маани берилерин белгиледи.
Ошондой эле жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөрүн, жараксыз абалга келген социалдык обьекттер жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталарын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь