Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 5-майда кол койду.
61 жаштагы Болотбек Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.
Билим берүү жана илим министри кызматын буга чейин Алмазбек Бейшеналиев аркалаган.