Чүй облусунун Лебединовка айылында белгисиз адамдар 26 жаштагы Изат Курбанованы  ала качып кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга кыздардын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, кызды Шекер дүкөнүнүн жанынан уурдап кетишкен. Ала качуу учуру видеокамерага жазылып калган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты 24.kg маалымат агенттигине тастыктап, Изат Курбанованы бир күн мурун уурдап кетишкенин кабарлашты. Кыздын эжеси милицияга арыз менен кайрылган.

«К.Ф. 2001-жылы туулган жаран 2021-жылы 5-майда саат 23.00 чамасында эжесин уурдап кеткенин, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Эркектер кызды Тойота Камри унаасына отургузуп, качып кетишкен. Факт КЖБРге катталып, сотко чейинки процесстер башталды. Милиция кызматкерлери кызды ала качкан адамдын өздүгүн такташып,анын жашаган жерине жөнөп кетишти », – деп билдиришти ШИИБден.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: