Министрлер кабинетинин курамына кимдер кирди? (Тизме)

211
«Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кол койду.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү:
— Марипов Улукбек Асамидинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды
— Новиков Артем Эдуардович биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
— Бакашова Жылдыз Кемеловна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
— Кармышаков Улукбек Тойчуевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды
— Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.
— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын коргоо министри болуп дайындалды;
— Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;
— Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;
— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;
— Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
— Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;
— Ажикеев Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
— Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;
— Абдралиева Гүлмира Курманбековн а мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;
— Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;
— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;
— Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;
— Кутманова Динара Асиевна Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;
— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь