Социалдык тармактарда бети-бутунан бир нече жаракат алган Өзбекстандык пенсионер жашындагы улгайган аялдын видеосу таркалууда.

Окуя боюнча Ташкендин Ички иштер башкармалыгы комментарий берди, деп жазат “centralasia.media.” басылмасы.

Полициянын айтымында, сабалган аял тууралуу маалымат медициналык мекемеден түшкөн. 1934-жылы 26-апрелде туулган Тоза Г.аттуу жабырлануучу  ооруканага жаткырылган.

Маалыматка ылайык, 87 жаштагы пенсионер 1983-жылы небереси тарабынан ооруканага жеткизилген. Анын айтымында, ал 1964-жылы туулган кызы жана 1989-жылы туулган небереси тарабынан дайыма кордук көрүп келет.

Аталган факт боюнча “Мирзо-Улугбек” РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүмүнүн “в” пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштеринин алкагында окуя болгон жагдайлар жабырлануучулардын кылмышка тиешеси бар же жоктугу аныкталат деп айтылат маалыматта.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: