Таабалды Тиллаев чек ара меселесин коркпой ачык кароо керектигин билдирди

79

5 жылдан бери чек ара маселеси ачык каралышы керек деп айтып жатам. Мындай пикирин депутат Тиллаев бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында чек ара меселесин коркпой ачык кароо керек.

“5 жылдан бери чек ара маселеси ачык каралышы керек деп айтып жатам. Бирок бир да жолу маселени ачык кароону колдогон жоксуңар. Күнөө өзүбүздө дагы бар. Коркпой ачык карасак, кечээ болгон күндөр болмок эмес. Эми мындан ары маалыматты жөн эле угуп коё бербей, өзгөчө макам берилип жатыптыр, ошол боюнча программаларды уксак туура болот. Кечээги болгон окуяга күнөөлүүлөр жоопкерчилик тартыш керек. Ал жердегилерге үй салып берген менен мамиле чечилбейт. Элге үмүт бере турган иш-чараларды көрсөк”, – дейт Тиллаев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь