9-май майрам күнү жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга жараша, дем алыш күнү майрам күндөн кийинки жумуш күнүнө которулат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бирок дем алыш жана жумушчу күн эсептелбеген майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10-май дем алыш күнүн башка күнгө – 30-августка которуу чечимин кабыл алды.

Тактап айтканда, 10-май (дүйшөмбү) иш күнү деп жарыяланды, ал эми августта Кыргыз Республикасынын жарандары 4 күн катар: 28, 29-август (ишемби жана жекшемби), 30-августта (дүйшөмбү) 10-майдын эсебинен жана 31-августта (шейшемби) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү эс алышат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: