Бүгүн, 7-майга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 3 бейтап COVID-19 илдетинен каза тапты. Алардын бири Бишкек шаарында, бири Чүй облусунда, бири Ысык-Көл облусунда катталган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында дагы 385 адам коронавирус жана пневмония менен каттоого алынды.
Алар:
– Бишкек шаарында 226 адам;
– Ош шаарында 12 адам;
– Чүй облусунда 108 адам;
– Ош облусунда 4 адам;
– Нарын облусунда 16 адам;
– Ысык-Көл облусунда 15 адам;
– Баткен облусунда 4 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 97 663 адамга коронавирус жуккан.