Жеңиш Молдокматов камакка алынды

105

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Адвокат Кантемир Турдалиев Молдокматов Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шектелип жатканын билдирди.

“Молдокматов былтыркы октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелип жатат. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен камакка алынды”, – деди Турдалиев.

Адвокаттын айтымында Молдокматовдун бөгөт чарасы бүгүн, 7-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь