Кадамжайда дамба жарылып сел жүрдү

104

Кечээ, 6-майда саат 23:13 чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин балансындагы №12 дамба 4-5 жеринен жырылып Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтмас, Өрүкзар айылдарына суу каптоо коркунучу жаралган. Ал жерге ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, 20 куткаруучу жана райондук ЖК кызматтары, ИИМдин кызматкерлери тартылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь