Чыңгыз Айдарбеков: “Тажиктер Ворухту бириктиргиси келсе, бизге Мургабды кайтарып берүүнү унутпасын”

464

“Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын”. Мындай пикирин мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “фейсбук” баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында 1924-1927-жылдардагы карталарга таянса, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Чыңгыз Айдарбековдун сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:

“Анда Мургаб кимдики?

Учурдагы КР Акыйкатчы белгилегендей, тажик тарап «он сегиз жылдан бери ушул шарттарды – чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну» дайыма айтып келет.

Интернеттеги ачык булактардан алынган карталарды карап көрсөк, көптөгөн кызыктуу фактыларды таба алабыз.
Мисалы, 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ошону менен бирге, эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан.
Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын.
Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон баардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес.
Таджик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?”, -деп билдирди Айдарбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь