Өмүрбек Текебаев: “Молдокматовду камакка алуу саясий куугунтуктоо”

179

 

“Жеңиш Молдокматовду камакка алуу саясий куугунтуктоонун көрүнүшү”. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебав бүгүн, 7-майда түз эфир аркылуу элге кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында 5-6-октябрдагы окуяларда Жеңиш Молдокматов бийлик органдарынын имаратын басып алды деген жүйө эч кимди ынандыра албайт.

“Октябрдагы 10 күн артта калды…Мына бүгүн 6-октябрдагы окуялар боюнча Жеңиш Молдокматовду имаратты басып алууга аракет кылды деп, камакка алып олтурат. Жеңиш акыркы күндөрү азыркы бийликтин туруктуу опонентти болуп оппозициялык позицияны ээлеп келди. Жеңиш Молдокматов бийлик органдарынын имаратын басып алды деген жүйө эч кимди ынандыра албайт, бул күлкү келээрлик. Ошондуктан акыл эси жайында бар элдин баары Молдокматовду өз позициясынын курмандыгы болду, бул саясий куугунтуктоо деп кабыл алышты. Жеңиш Молдокматовду камакка алуу саясий куугунтуктоонун көрүнүшү”, -деп баса белгиледи Текебаев.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык милициясы былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматовду 6-майда 48 саатка камакка алган. Бөгөт чарасы 8-майда каралат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь