Жапаров: “Эл мени бийликке олтургузган күндөн тарта, элдин ишеними менен бийликти аткарып келе жатам” (Видео)

465

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын TRT Avaz каналына маек курду.

Ал, 2020-жылы октябрь окуяларында эл тарабынан шайлангандыгын жана референдумдун жыйынтыгында, жаңы Конституцияга кол койгонун билдирди.

“Октябрь окуяларында элдик толкундоолор болуп, ошол толкундоолордун негизинде эл алып келип мени бийликке олтургузган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин, элдин ишеними менен бийликти аткарып келе жатам”, -деп белгиледи өлкө башчы TRT Avaz каналына маек куруп жатып.

Мындан тышкары Жапаров Баткен окуясы боюнча чек ара маселеси чечилмейинче, мындай кагылышуулар жана чыр-чатактар ​​боло берерин белгиледи.

“Мындай окуя болбош керек эле, тилекке каршы 29-30-апрелдерде болуп кетти. Негизинен делимитация жана демаркация бүтө элек эки мамлекеттин ортосунда мындай чыр-талаштар болуп эле келген. Чыр-чатактар менен чектелип эле, чоң ок атышууга барган эмес. Бул жолу тилекке каршы ошондой болуп калды. Биз ушундай демилге коюп жатабыз, жакынкы арада чек ара маселелерин бүтүп, чекит коюп, кол коюшабыз”, -деди президент.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь