Дагы 254 адам коронавирус жуктуруп, 5 бейтап каза тапты

100

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 10-майга караган суткада 5 адам COVID-19 илдетинен каза тапты. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда катталган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 1660 адам коронавирус менен пневмониядан көз жумду.

Мындан тышкары, 10-майга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 254 адам коронавирус менен катталды, деп билдирди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.

Алар:

– Бишкек шаарында 195 адам;

– Чүй облусунда 25 адам;

– Ысык-Көл облусунда 17 адам;

– Жалал-Абад облусунда 9 адам;

– Нарын облусунда 4 адам;

– Ош шаарында 3 адам;

– Ош облусунда 1 адам.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 98 654 адам коронавирус жана пневмония менен катталган.

Акыркы суткада 5 бейтап көз жумду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь