Жеңиш күнү аянтка немец жоокеринин илинген сүрөтү кызуу талкууда

153
Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы Улуу Жеңиш күнүнө карата жасалга социалдык тармактарда талкууга алынууда. Тактап айтсак, аянтка Жеңиштин символикасын чагылдырган бир нече баннер илинген. Алардын арасынан немецке барымтага түшкөн советтик армиянын жоокеринин сүрөтү интернет тармагынын колдонуучуларынын көңүлүн бурду.
“Жаңы мэрге даңк! Ал Жеңиш күнүндө күлүмсүрөп турган вермахттын жоокеринин портретин коюуга жетишти (мен түшүнгөндөй, туткунга түшкөн Кызыл Армиянын солдаты алдыңкы планда турат). Фашисттин сүрөтү, айрыкча Баткендеги акыркы окуяларды эске алганда, шылдыңга алынгандай эле болду!”,- деп жазды журналист Семетей Аманбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь